3-4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2014-жылдын 18-декабрында саат 21:28де эпицентрде 3-4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында, Найман айылынан 5 чакырым батышында, Кызыл-Кыя шаарынан 20 чакырым түндүктү карай, Ош шаарынан 60 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 40º27´; чыгыш кеңдиги 72º07´.
Жер титирөө: Найман айылында 3,5 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3 балл, Ош шаарында 2,5 балл болгон.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.


Leave a Reply