китеп

“Каникул учурун Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучулары кандай өткөрүп жатышат, эмне менен алектенип жатышат, бош убактылырын кайсыл жолдорго коротуп жүрөт, ошону аныктап, текшерип чыгуудабыз. Шаар аймагында жайгашкан китепканаларды текшердик, ал жерде да окуучулар дээрлик жокко эсе, ал эми компьютердик клубдарды да текшерип чыктык, бирок көпчүлүк компьютердик клубдарга кире албадык,”-деп билдирди Жалал-Абад ШИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы.

Ошондой эле эс алуу учурунда мектеп окуучулары окуу борборлоруна барышабы жокпу, бул тууралуу Жалал-Абад облустук китепкананын окуу залынын башчысы Шахзада Кулешова: “Окуучулар келишет, окуйм деген баланы токтото албайсың, бирок эс алуу күндөрү окуу залга келгендер азыраак. Бизге  келгендердин көпчүлүгү студенттер. Биздин филиалдарыбыз бар, ошол жактарга окуучулар барышат”,-деп билдирди ал.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу