про1- про-

Бүгүн 21-январь күнү Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын жыйындар залында кезектеги коллегиясы болуп өттү.  Коллегияга Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын башкармалыгынын башчысы Нурлан Дүйшөнбиев жана прокуратура кызматкерлери катышышты.

Коллегияда  Жалал-Абад областынын аймагында жалпысынан 2622 кылмыш болгон. Алардын ичинен 556сы оор кылмыш болуп, өткөн жылга карата  98 же 3,8%га көп катталганы айтылды. 2014-жылдын 12 айындагы коррупцияга каршы күршүү боюнча  бөлүм башчы  Алтынбек Аттокуров  отчетунда эң көп мыйзам бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кетирилгендиги белгиленди.  Ушул күнгө чейин Сузак району жана Таш-Көмүр шаарында эч кандай административдик өндүрүш болбогонун айтып өттү.

2015- жылга карата  адам укугу, бизге келген арыз-даттануулар менен жакындан иш алып баруу. Президентибиз белгилеген Улуттук экономиканы көтөрүү жылында коррупцияны алдын алуу, Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо маселеси багыттары менен иш алып  барабыз,-деп белгиледи Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу