1-veteran1

Шаардык мэриянын 26. 02 .1014-жыл. №38-буйругу менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы түзүлгөн. Ал эми шаардын мэри вице мэрлерине кызматкерлеринин жана кээ бир  шаардык мекеме ишканалардын жетекчилеринин башка кызматка которулгандыгына байланыштуу шаардык мэриянын 26 02 . 2014-ж. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө жөнүндө №38 сандуу буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилген. Бул багытта иш мерчемдери өз ыргагы менен жүрүүдө. Социалдык иштер боюнча вице мэр Т.Темирбаевдин көзөмөлдөөгө жооптуу болгон бөлүгүнө, мектеп окуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө патриоттук маанайдагы  көркөм жана даректүү фильмдерди график боюнча акысыз көрсөтүүнү уюштуруу иш- чарасын аткаруу облустук кино дирекциясынын жетекчиси Н.Камчыбековго жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаевге милдеттендирилди деп белгиледи ал. 

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу