Айдарбеков(Башталышы өткөн санда)

Кыргыз элинин тарыхындагы өзүнүн улуттук Совет мамлекети түзүлгөн маанилүү күн бул 14-октябрь 1924-жыл экени маалым, анткени так ушул күнү Бүткүл Россиялык Советинин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Кара-Кыргыз автономдуу областы уюшулуп, ал Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын курамына кирген. Мына ушул мамлекеттин уюштуруу иштерин алып барыш үчүн, 1924-жылы 21-октябрдагы Бүткүл россиялык Советинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун токтому менен Кара-Кыргыз автономдуу областынын (ККАО) Ревкому түзүлүп анын төрагасы катары И.Айдарбеков дайындалган . Бул кызматта ал 1925-жылдын март айына чейин иштеген Кээ бир тарыхчылар Иманалынын ушул кызмат абалын кыргыздын биринчи Президенти деп атоого үндөшүүдө (Караңыз: Вечерний Фрунзе. 23 январь 1989; Тунтеев Н. Глава Республики//Слово Кыргызсана. 30 январь 1993). Менимче, бул туура болбойт. Анткени, ал мезгилде андай президенттик кызмат советтик административдик башкаруу системасында болгон эместиги даана белгилүү. Ревкомдун курамы 17 адамдан турган алар: Д.Зульфибаев (төраганын орун басары), Ж.Абдрахманов, Э.Арабаев, М.Ботбаев, М.Каменский, П.Покровский, И.Тойчинов, Б.Сарыбаев, Р.Худайкулов, С.Чонбашев, М.Янгулатов, ж. б .

Алгач ККАОнун партиялык, мамлекеттик аппараты Ташкент шаарында болгондуктан И.Айдарбеков Кыргыз обком партиясынын биринчи катчысы Михаил Каменский, экинчи катчысы Ж.Абдрахмановдор менен бирдикте ал жактан Кыргызстандын советтик жана чарбалык органдарын кайра түзүү иштерин жетектейт жана областтын бүт аппаратын 1924-жылы декабрда Пишпекке көчүрүүгө даярдайт. 1925-жылы 27 мартта И.Айдарбеков ККАОнун Советтеринин уюштуруу съездин ачат да Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (ББАК-орусча-ВЦИК) мүчөсү А.П.Голубковго кыргыз элинин орус жана башка элдери менен биримдигинин жана достугунун символу катарында Кыргызстандын улуттук туусун тапшырат.

Кыргыз совет мамлекетин уюштуруу мезгилинде анын келечекте өнүгүш жолу боюнча эки топтун тактикалык күрөшүнүн негизинде кыргызстандык жетекчилердин ортосунда ажырым пайда болгон. Кыргыз обкомунун биринчи катчысы Михаил Каменскийдин «Бөлүп, жарып башкаруу» ыгын өзүнүн иш жетекчилигине алгандыктан, иш билги тың кыргыз жигиттери И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Сыдыковдор Кыргызстанда эң жооптуу кырдаалда – улуттук совет мамлекетин түптөө учурунда, өздөрүнө ылайыктуу кызматка тартылбай калгандыктан, Ата мекенинен тышкары жерлерде эмгектенүүгө мажбурланышкан.

Кыргыз областтык коммунисттер партиясынын биринчи катчысы Михаил Каменскийдин башчылыгындагы саясий уюм Кыргызстанда бардык майда-чүйдөсүнөн бери көзөмөлгө алып, ар дайым кирише берүү үстөмчүл саясаты, жергиликтүү иш билги жетекчи кызматкерлердин ачыктан-ачык каршылыгын жаратты. 1925-жылдын июнь айында РКП (б) БКга жана Орто Азия КП (б)нын Бюросуна кыргызстандык отуз адамдын кайрылуусу жазылып, анда Кыргыз обкомунун иш ыкмалары катуу сынга алынган эле. Бул катка кол койгондорду «отузчулар» деп өзгөчө кара тизмеге алып, эл душманы катары мамиле жасала баштаган эле. Алардын арасында Иманалы да бар болчу, кийин мунун кедергиси каршылаштарына анын өмүрүн кыйганга жол ачкан.

1927-жылдан 1936-жылга чейин Иманалы Айдарбеков республиканын айыл чарбасынын Борбордук Советинин төрагасы, Кыргыз АССРинин өнөр жай жана соодасынын эл комиссары, Кыргыз АССРинин башкы сотунун төрагасы, СССР оор өнөр жайынын эл комиссарынын орун басары, орто азиялык экономикалык Кеңештеги Кыргыз АССРынын туруктуу өкүлү кызматтарын аркалайт.

1936-жылы И.Айдарбеков ден соолугунун начарлаганына байланыштуу эс алууга чыгат. Ал бир катар волостук, уезддик, областтык жана республикалык эл депутаттар Советтеринин съезддеринин жана республикалык жогорку өкмөттүк форумдарына делегат болуп шайланган. Октябрдын 15 жылдык юбилейин белгилеген кезде совет бийлиги үчүн күрөштө жана граждандык согуш жылдарындагы көрсөткөн эрдиктери үчүн И.Айдарбеков Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.

Тилекке каршы, ал 1937-жылы 4-сентябрда жазыксыз айыпталып камакка алынып, 1938-жылдын 5-ноябрында СССРдин Жогорку сотунун жана Аскер коллегиясынын өкүмү менен атылган. 1991-жылы жазында Иманалынын сөөгү тоталитардык режимдин курмандыгы болгон Чоң-Ташта көмүлгөн 137 адамдын өлүктөрүнүн арасынан табылган. 1957-жылы 1-октябрдагы СССР Жогорку сотунун чечими менен Аскер коллегиясынын өкүмү жокко чыгарылды. Акыры акыйкаттык жеңди. Бирок анын баасы адамдын өмүрүнө тете турганы албетте, кабыргаңды кайыштырбай койбойт.

Дөөлөтбек Сапаралиев, – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башчысынын орун басары, профессор.