оторбаев2

14-ноябрда КР Улуттук илимдер академиясында анын 60 жылдыгына арналган юбилейлик салтанат болуп өттү. Бул салтанат академиянын алдына тургузулган алгачкы академиктердин эстелигин ачуу менен башталды.

Салтанаттуу жыйынга КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КР Президентинин аппарат жетекчиси Д.Нарынбаев, вице-премьер министр Э. Сариева, КР Билим берүү жана илим министри К.Садыков, КР ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиев, ЖАКтын төрагасы А.Мавлянов, Кыргызстандан тышкары Россиянын, Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Тажикстандын академиялык илимий коомчулугунун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Алгач Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев Кыргызстандагы илимдин өнүгүшү жөнүндө өзүнүн мазмундуу докладын окуду. Андан соң Илимдер академиясынын басып өткөн тарыхын чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлдү. Келген меймандар президиумга отургандан кийин Д.Нарынбаев КР Президенти А.Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Академиктердин, мүчө-корреспонденттердин жана Илимдер академиясынын кызматкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө КР премьер-министри, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Ж.Оторбаев кыргыз илиминин флагманы болгон Илимдер академиясын 60 жылдыгы менен куттуктап, кеңири сөз сүйлөдү. “Биздин өлкөдө илимдин өнүгүү мезгили 20- кылымдын 60-70-жылдарына туура келет. Ушул жылдары ачылыштар жана ойлоп табуулар көп жасалып, жергиликтүү окумуштуулардын атын даңаза кылып чыгарды. Негизги ачылыштардын ичинде өзгөчө таза сурьманы, плазма жана оптика жаатындагы технологияларды, химиялык синтез ыкмасы менен карбидден композициялык материалдарды иштеп чыгуу, сульфид жана оксиддерди алуу, малдардын жаңы породасын чыгаруу, сөздүктөрдү иштеп чыгаруу өңдүү иштер илимдин мындан аркы өсүшүн шарттаган. Советтер Союзунун тарашы жана борбордук субсидиянын токтошу менен илимдин сапаты жана изилдөөлөрдүн саны төмөндөп жүрүп олтурду. Андыктан, Улуттук илимдер академиясынын системасын реформалоо бышып жетилди. Коомчулук башкаруу түзүлүшү жана илимий изилдөөлөрдүн уюштурулушу мезгил талаптарына жооп бериши керектигин талап кылууда. Өкмөттүн позициясын билдирүү менен окумуштуулар өздөрү оптималдуу жана бышып жетилген реформа ыкмаларын тандап, өлкөдө фундаменталдуу илимди өнүктүрүүсү керек. Реформанын биринчи кадамы болуп административдик-башкаруу аппаратты жана ага кетип жаткан чыгымдарды кыскартуу, институттар системасын оптималдаштыруу керек. Азыр окумуштуулар тарабынан илимий иштеп чыгуулар, ачылыштар өлкө экономикасынын практикасында колдонулушу кажет”, – деди Премьер-министр.

УИА президенти А.Эркебаев да Өкмөт башчысынын илим тармагын реформалоо боюнча максаты илимий жамааттын пландары менен дал келерин, академияны кайра түзүү боюнча сунуштардын пакети даяр экендигин билдирди. Союз кезинде Кыргыз ССР Илимдер академиясын жетектеп кеткен, азыркы учурда Россия илимдер академиясынын академиги Н.П.Лаверов өз сөзүндө ядролук куралды жасаганга мүмкүнчүлүк берген уранды контактсыз иштетүүгө керектелген технологияны жасоо кыргыз илимпоздоруна тийиштүү болгондугун белгиледи.

Жыйында коңшу өлкөлөрдөн келген окумуштуулар жана ЖК депутаттары сүйлөштү.

 Сымбат Максутова