Ысык-Көл облусттук ИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2014-жылда экстремисттик мүнөздөгү 224 материалдар алынган
Ысык-Көл облусттук ИИБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2014-жылда экстремисттик мүнөздөгү 224 материалдар алынган. Бул тууралуу облусттук өкүлчүлүктүн укуктук тартип, коопсуздук жана ӨК бөлүмү маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы Замир Асаналиев.
Алардын маалыматында, 2014-жылда Ысык-Көл облустту к ИИБ 10-бөлүмү тарабынан экстремисттик мүнөздөгү адабият материалдарын мыйзамсыз сактоо боюнча 14 факт аныкталып, андан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн облусттук УКМКга жиберилген.
ИИБ 10-бөлүмүнүӊ кызматкерлери тарабынан 224 экстремисттик мүнөздөгү материалдар алынып, алардын ичинде 68 экстремисттик маанайдагы баракчалар, 60 брошюра китепчелер, 43 блокнот жана конспектилер, 46 ДВД дисктер,4 компьютердик техникалар, 2 флеш-кард, 1 мобилдик телефон болгон деп маалымдайт бөлүмдүн адистери.


Leave a Reply