Ld_oc8m50DU

2015-жылдын бюджети ишке кирди

2014-жылы 30-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирди.

Бул жылга республикалык бюджеттин кирешелери мамлекеттик инвестиция программаларынын гранттарын кошо эсептегенде 103 миллиард 752,7 млн. сом өлчөмүндө каралган. Ал эми 2016-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 110 млрд. 094,1 млн. сом, 2017-жылы 121 млрд. 691,2 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 118 млрд. 436,0 сомду түзүп, бюджет тартыштыгы 14 млрд. 683,3 млн. сом өлчөмүндө бекитилди. Ал эми 2016-жылга чыгаша бөлүгү 123 млрд. 906,9 млн. сом, 2017-жылга 134 млрд. 937,2 млн. сомду түзүшү күтүлөт. 2015-2017-жылга экономикалык көрсөткүчтөр 2012-2014-жылдардагы өнүгүү тенденцияларына жана 2013-2017-жылдарга улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына, Өкмөттүн 2014-жылга ишмердик программасына анализ жасоонун негизинде иштелип чыккан.

2014-жылы өнүктүрүү бюджети эки эсеге көбөйдү

Өткөн жыл бюджеттин чыгаша бөлүгүндө былтыркы жылга салыштырмалуу салыктык эмес кирешелерден жана расмий трансферттерден каражат түшүүнүн суммасы өсүп, бюджеттин чыгаша бөлүгүндө мурдагы жылга салыштырмалуу өнүктүрүү бюджетине көбүрөөк каражат сарпталды. Алсак, 2013-жылы өнүктүрүү бюджетине 10 млрд. сомго жетпеген каражат сарпталса, быйыл анын көлөмү 19,1 млрд. сомду түздү. Транспорт, электр, айыл чарба ж.б. маанилүү тармактардагы курулуштарга тыштан келген каражаттар сарпталса, социалдык объектилердин басымдуу бөлүгү ички каражаттардын эсебинен, тактап айтканда республикалык бюджеттин “капиталдык салымдар” беренеси жана дем берүүчү гранттардын эсебинен каржыланды.

Министрлик жалпы чыгашалар боюнча анализ жүргүзүп, ченемдик укуктук актылар менен бекитилбеген жана натыйжасыз чыгымдарды оптималдаштырып, андан үнөмдөлгөн 1,3 млрд. сомду башка беренелер боюнча каржылоого жумшады.

Бюджеттин аткарылышы

Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда жыл ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча абал туруктуу сакталды. Чыгашалар менен кирешелер дээрлик тең салмакта. 11 айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 93,4 млрд. сомду түзүп, чыгашалар 92 млрд. сомдон ашкан.

Социалдык багытталган бюджет аракетте

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын басымдуу бөлүгү (48 млрд. сом) социалдык чөйрөгө жумшалды, анын ичинен билим берүү тармагына – 16,4 млрд. сом, саламаттык сактоо тармагына – 9,9 млрд. сом, социалдык коргоого – 20,9 млрд. сом жумшалды. Мындан тышкары экономикалык маселелерге 10,6 млрд. сом, жалпы маанидеги мамлекеттик маселелерге 10,2 млрд. сом, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 2 млрд. сом, кышка даярдыкка 6 млрд. сом сарпталды.

Теңдештирүүчү гранттар

2014-жылы теңдештирүүчү гранттар толугу менен каржыланды. Кирешелерди теңдештирүү үчүн 2014-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 млрд. 299 млн. 798 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Бүгүнкү күнгө карата теңдештирүүчү гранттар толугу менен каржыланды. Теңдештирүүчү гранттарды 1 шаар (Көк-Жаңгак) жана 453 айыл аймагынын 384ү алат.

19 макулдашуу, 481,2 млн. доллар

Өткөн жылы министрликтин катышуусу менен Эл аралык финансылык институттар жана чет мамлекеттер менен 481,2 млн. АКШ доллары суммасында 19 макулдашууга кол коюлду. Анын ичинен 164 млн. АКШ доллары – грант, 317,2 млн. АКШ доллары – кредит.

Каржы ишинин ырааттуулугуна кам көрүп

Республиканын Финансы министрлиги өткөн жылы бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыкты. Атап айтканда:

– Бюджеттик мекемелердеги бухгалтердик эсепти жакшыртуу максатында эсеп-чот планы; Конфискацияланган мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартибин жөнгө салган жобо жана “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” жана 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору (мыйзам долбоорлору коомчулук тарабынан талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралып, 3 окуудан соң кабыл алынды).

Ошондой эле министрлик паракорлукту алдын алуу жана ачыктыкты камсыздоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тармагында электрондук сатып алуулар системасын ишке киргизип, дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыкты.

Бегим Турдалиева