гулиза

Кыргыз элинде Талипова фамилиясын алып жүргөн бир нече белгилүү ырчы кыздарыбыз  бар. Алардын бири – Гүлиза Талипова.

-Гүлиза, ырчылык өнөр кимден оогон сага?

-Эс тарткандан тартып эле ырдай баштагам. Адегенде ата-энемдин конок ырчысы болуп жүрдүм. Андан кийин мектепте ыр-бий ийриминин активдүү катышуучусу болчумун. Райондо өткөн ыр сынактарга да көп катыштым. Ыр жандуу болуп калышыма атамдын таасири тийген. Себеби, атам кыргыз күүлөрүнүн баарын кемелине келтире чертчү. Атамдан эжекелерим комуз черткенди үйрөнүштү. Мен эжекелеримден үйрөндүм.

-Музыкалык билим алдың беле?

-Адегенде медицина окуу жайына тапшырдым. Ооруканада иштедим. Бирок, музыка дүйнөсүнөн такыр алыстай албай койдум. Ошондуктан, “Ысык-Ата Ата-Арашан” музыкалык-фольклордук ансамблинин солисти болуп иштеп жүрүп, Консерваторияга окууга тапшырдым. Бул окуу жайынан ырдоо чеберчилигин үйрөндүм десем болот. Себеби, мурда элдин алдында толкундасам, кийин сахнада өзүмдү ээн-эркин сезе баштадым. Албетте, мен абдан чоң ырчы болуп кеттим дегенден алысмын, бирок ийгиликтерим жок эмес.

-Репертуарың байбы?

-Мен аткарган ырлар мүнөзү жагынан элдик ырларга окшошуп кетет. Көбүнесе орто муундагылар жактырышат. Репертуарымда азыркы учурда Камчыбек Букалаевдин “Кыйбасым”, Жалил Сыдыковдун “Беш көкүл”, Бакыт Мамаевдин “Алдей”, элдик “Сай Сагызган” аттуу ырлар, ошондой эле “Жүрөгүмдө”, “Айыл кечи”, “Айбыгып жүрөм “ сыяктуу белгилүү ырлар жана Токтобек Асаналиев менен Атайбек Бөдөшевдин “Мени түшүнчү” деген эстрадалык дуэт ыры, Кадыралы Артыков менен биргеликте аткарган “Кыялдануу” сыяктуу ырлар бар. Репертуарды улам жаңыртып туруу зарыл эмеспи. Анткени, угарман ырчыдан рухий азык боло турган, укканда купулуна толуп, көңүлүнө орноп кала турган ырды күтөт. Мына ушуга жетиш үчүн ырчы изденет. Элге жага турган ырды тандап алуу да оңой эмес. Ал да өзүңдүн ырчылык чеберчилигиңдин кудуретине жараша болот.

-Концерттерге байма-бай катышасыңбы?

-“XXI кылымдын жылдыздары” аттуу концертке, “Сармерден” телеконцертине чакырылып жүрөм. Мындан сырткары, мен эки жолу өзүмдүн жеке концертимди өткөрүүгө жетиштим. Биринчи жеке концертим 2012-жылы май айында өтмөк. Бирок, революция убагына туш келип, өтпөй калган. Ошол концертимди кийин 2012-жылы май айында филармонияда өткөрдүм. Жаман болгон жок. Ийгиликтүү өттү. Жеке концерт өткөрүүнүн түйшүгү ушунчалык оор. Ушуну менен токтотом дегенге чейин барасың. Бирок, концертиң өтүп бүтөөр замат кийинкисин кантип өткөрсөм экен деп ойлоно баштайт экенсиң.

Экинчи жеке концертимди быйылкы жылдын март айында өткөрдүм. Бул жолку жеке концертим биринчисине караганда, деңгээли өйдө болду десем болот. Менин сахнада эмнени көрсөтүү жөнүндөгү ойлорумду режиссёр, азыркы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов толук жүзөгө ашырып берди. Бул концертимден толук канагат алдым десем болот. Анткени, угармандарымдын ыраазы болгонун сездим.

-Шахра Талипова менен тууганчылык байланышың барбы?

-Шахра эжеке – атамдын бир тууган эжеси. Алар эки эле бир тууган. Атам 44 жашында кайтыш болуп кеткен. Атам абдан ачык-айрым киши эле. Менин шайырдыгым атама, өңүм апама окшош болуп калыптыр.

-Эл жакында сенин кандай аракеттериңе күбө боло алат?

-Жакын арада токтогулдук кыздар менен атбашылык жигиттердин биргелешкен концерти болот. Ошого катышам. Клип тартуу, алардын санын арбытууну көптөн бери пландаштырып келатам. Азырынча бир гана клибим бар. Албетте, сапатка айрыкча көңүл бурам. Себеби, сапаттуу клип менен гана элге татыктуу таанылууга болот экен. Мындан сырткары, мен азыр абдан изденүүдөмүн. Жакшы ырларды элге тартууласам деген тилегим бар.

-Ылайым, ошол тилектериң ишке ашсын, сага чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Маектешкен Абдимухтар АБИЛОВ