арабдар

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Араб өлкөлөрүнө дээрлик бир аптага созулган расмий сапары аяктады. Доха шаарында аталган араб өлкөлөрүнө расмий сапарлардын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берген Президент Алмазбек Атамбаев: “Араб өнөктөштөрдү Кыргызстан туруктуу өлкө экендигине ынандырдым.  Сапарыбыз абдан жемиштүү болду. Алар эми бизге жумушчу топторун жөнөтүшөт. Бул жакта Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти менен да жолугуштук. Банк 1,2 млрд. долларлык долбоорлорубузду карап көрмөй болду,”-деп айтты.

Быйыл жыл башында жергебизге иш сапар менен келген Сауд Арабиясынын тышкы иштер министринин орун басары ханзаада Халед бин Сауд бин Халед Аль Сауд Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы менен жолугушууда өз өлкөсү Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экендигин ачык айткан. Ал эми Кыргызстан Сауд Арабия Королдугу менен көп убакыттан бери эле жакын алака мамиле түзүүгө далалат кылып келгени белгилүү. Ханзаада менен сүйлөшүү учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков да “Сауд Арабиясы менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири” деп айтканы эсибизде.

Чынында эле энергетикалык жана финансылык эбегейсиз ресурстары бар Сауд Арабиясы менен тил табышсак, Кыргызстан үчүн бул өлкө келечектүү инвесторлордун бирине айланаары шексиз.

Ырас, Сауд Арабиясы менен жакындашуунун идеологиялык жана саясий тобокелдиктери бар дегендер жок эмес. Айрым билермандар Сауд Арабиясы өзүнүн улуттук долбоору катары дүйнөгө ваххабизмди жайылтууну көздөйт деген менен, көптөгөн өлкөлөр менен экономикалык алака-мамилеси жакшы экендигин белгилей кетүү зарыл.

Америка Кошмо Штаттарынын стратегиялык өнөктөшү катары эсептелген Сауд Арабиясы менен мамиле түзүү Кытай, Орусия сыяктуу Кыргызстандын өнөктөштөрүндө кызганыч жаратышы мүмкүнбү? Бул суроого Президент Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнө расмий сапарга аттанаар алдында “биз дөөлөрдүн баары менен тил табышып жатабыз” – деп, абдан жакшы жооп кайтарды.

Тил табышуунун далили катары Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөр үзүрлүү аяктап, Президент Алмазбек Атамбаев менен король Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү максатында биргелешкен ири инвестициялык фонд түзүү тууралуу чечимге келишкендигин айтсак болот.

Кошумчаласак, ушул тапта Сауд Арабиясынын колдоосунда “Суусамыр-Тараз”, “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолдорун куруу долбоорлору ишке ашырылууда.

Эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын да дурус деп айтууга негиз бар. Өткөн жылдын октябрь айында Аш-Шура мажилисинин төрагасы Абдулла ибн-Мухаммед-аль Аш-Шейх баштаган саудия парламентинин делегациясы расмий сапар менен жергебизге келгенде, өз ара мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы белгиленген. Аш-Шура мажилисинин төрагасы “Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жаңы тепкичине көтөрүлдү” деп айткан эле. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушуна ошондой көз караштар позитивдүү таасирин тийгизди десек туура болчудай.

***

Президент Алмазбек Атамбаевдин расмий сапары 4-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында улантылганын өткөн жумада маалымдадык. Экономикалык күч кубаты Сауд Арабиясына караганда, эки эсе азыраак деген менен бул өлкө да Арабия жарым аралындагы бай мамлекеттердин бири экендиги анык. Ошондуктан, анча-мынча чабал өлкөлөр менен жөн эле саламдаша бербейт, алардын муктаждыктары менен кызыкчылыктарына баш оорутпайт.

Деген менен өлкө башчыбыздын Эмираттарга жасаган сапары да байсалдуу болду. Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн баш калаасы Абу-Дабиде мураскор ханзаада Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян, вице-президент жана премьер-министр, Дубай шаарынын башкаруучусу шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен жолугушту.

Бириккен Араб Эмираттары менен туризм, тоо-кен өнөр-жай, энергетика, айыл-чарба  тармактары боюнча кызматташууга зор мүмкүнчүлүктөр бар.

“Кыргызстанга араб өлкөлөрүнүн инвестициялары таңсык болуп турат. Бизде Орусиядан, Кытайдан жана европалык өлкөлөрдөн инвесторлор иш жүргүзүп жатышат. Сиздер үчүн да инвестиция чегерүүгө, пайда табууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Жакынкы 1-2 ай аралыгында Жер-Үй алтын кенин иштетүүгө сынак жарыяланат. Мурда алтын кендерине ким көбүрөөк пара берсе, ошолор ээлик кылып калышкан. Азыр андай эмес – ачык тендерде ким көп акча төлөсө, ошого лицензия берилет. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Коррупциянын айынан буга чейин инвесторлор Кыргызстанга келүүдөн кооптонушчу. Азыр ага негиз жок.  Баткен облусунда алюминийдин да ири кени бар. Аларды иштетүүгө көп өлчөмдө электр энергиясы талап кылынат. Демек, жаңы ГЭСтерди куруу зарыл. Азыр энергетика тармагында ГЭС куруу менен байланышкан 20дай долбоор даяр. Индия менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн линиялар курулуп жатат”,-деп айтты Алмазбек Атамбаев Дубайда Соода-өнөр-жай палатасындагы жолугушуу учурунда. Мындан тышкары, ал туризм тармагына токтолуп, Кыргызстанда заманбап конок үйлөр жетишпей жаткандыгын кошумчалады.

Натыйжада, Алмазбек Атамбаев менен шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум жакын арада республикабыздын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн бул өлкөдөн адистердин тобун Кыргызстанга жөнөтүү жөнүндө макулдашышты. Шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун өзү да келиши мүмкүн – Президент Алмазбек Атамбаев аны расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташуу боюнча сегиз келишимге кол коюлду. Алардын арасында кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишимдери да бар.

Бул келишимдер Кыргызстанда кылмыш жасап, Дубайга из жашырган жарандардын жолуна бөгөт болмокчу.

***

Кыргызстан соңку мезгилде тыгыз кызматташууга кызыкдар болуп жаткан Катар мамлекети Сауд Арабиясы менен бир жагынан карасаң, өнөктөш, экинчи жагынан, атаандаш. Аймагы чакан болгон менен бул өлкөнүн да энергетикалык жана финансылык  ресурстары эбегейсиз. Мисалы, акыркы жылдары эле Малайзиянын экономикасына 5 млрд. доллар, Кытайдын айыл чарба банкынын акцияларын сатып алууга 2,8 млрд., бразилиялык “Сантандер” банкынын 5% акциясын сатып алууга 2,7 млрд., Улуу Британияда “Херродз” соода борборун сатып алууга 2,3 млрд., швейцариялык “Бургенштук” тоо курортун сатып алууга 395 млн., Каирдеги “Фор сизонз Гиза” мейманканасын “Ферст Молл” соода борбору менен бирге сатып алууга 250 млн. доллар инвестиция жумшаганы белгилүү.  “Порше” автомобиль компаниясынын 10%, “Фольксваген” компаниясынын 17% акциясы да Катарга тиешелүү. 2010-жылы мамлекеттик “Катар холдинг” компаниясы германиялык “Хохтиф” курулуш компаниясынын 9,1% акциясын 534 млн. долларга сатып алган. “Хохтиф” 2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликке карата спорттук жана башка объектилерди курууга катышат. Катар мамлекети Уругвай, Аргентина, Судан, Германия, ал турсун кошунасы Сауд Арабиясынын экономикасына да инвестициялык салымдарын кошуп келет. Жакынкы жылдары Катар өзүндөгү метро, темир жол, деңиз портун куруу жана Дохадагы эл аралык аэропортту модернизациялоого эле 170 млрд. доллар жумшайт.

Жылына 50 млн. жүргүнчүнү тейлөөчү Доха аэропортун модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоор 2022-жылы бүткөрүлөт. Туризмди өнүктүрүүгө, 100дөн ашык жаңы мейманканаларды курууга эле 17 млрд. доллар чегерүүдө.

Катардын бюджетинин 90%дан ашыгын газ менен мунай сатуудан түшкөн киреше түзөт. Бирок, 2015-жылы жалпы кирешенин 25%ын финансылык сектордон алууга ниеттенүүдө. Анткени, Катардын ички инвестициялык потенциалы чегине жетти. Эмки кезек ири финансылык каражаттарды чет өлкөлөргө инвестициялап, киреше табууда турат.

Кыргызстан мына ушундай жагдайдан пайдаланып калганы оң. Катардын өзүнөн ашып-ташып турган финансылык мүмкүнчүлүктөрүн өлкөбүздүн экономикасына тартуунун жолдорун таап, талкуулап, макулдашуу максатында Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев 7-декабрда расмий сапарын улантып, Катардын борбору Доха калаасына барды жана 8-декабрда бул өлкөнүн эмири Ахмад Мухаммад Аль Сайед менен жолугушту. Кеңири жана чектелүү курамда да сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында жети документке кол коюлду. Алардын арасынан маанилүүсү катары инвестицияларга шарт түзүү жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык келишимди белгилөөгө болот.

8-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштардын мындан аркы өнүгүшүнө шарт түзүү максатында “Катар мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Элчилик Доха шаарында жайгашат.

 Атай АЛТЫМЫШЕВ