Улуттук филармонияда жазуучу, акын А.Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү (фото)
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кечээ, 24-ноябрда белгилүү жазуучу, акын Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Салтанат кыскаметраждуу документалдык тасманы көрсөтүү менен башталды.
Иш-чараны ачкан КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Аалы Токомбаевдин чыгармалары, өзүнө оор мезгилде жашаган элдин духун жана биримдигин сактап калганын белгиледи.
Кыргыз көркөм сөз өнөрүндө Аалы Токомбаев кайталангыс чолпон жылдыз катары баа берген Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев А.Токомбаев биринчилерден болуп Ташкенттеги Орто Азия Коммунисттик университетин бүтүргөнүн, биринчилерден болуп ыр китебин жарыялап, биринчилерден болуп «Эркин Тоо» гезитинин редакторлук кызматын өтөгөнүн эске салды.
Расмий бөлүктөн кийин А.Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган концерт тартууланды.








Leave a Reply