КРнын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 25-ноябрда КРнын мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кол койду.

Эскерте кетсек, борбор 2012-жылдын 21-февралында түзүлгөн. Алмаз Касенов борборду ушул күнгө чейин жетектеп келген.

КРнын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жаңы жетекчиси болуп, Кыргыз улуттук классикалык күрөш федерациясынын президенти Доорбай Миңбаев дайындалды.

Миңбаев менен келишим бүгүн, 25-ноябрда 2 жылга жазылды. Ал буга чейин КРнын спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоолор башкармалыгы мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

8294224349db205a6a103002b8f68748_500_0_0