Улуттук банк 23-январда 4 млн 400 млн доллар өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү
Кыргызстандын Улуттук банкы 23-январда 4 млн 400 млн доллар өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.
Улуттук банк жыл башынан бери 60 млн 470 миң долларга 4 интервенция ишке ашырган.
13-январда Улуттук банктын резервдери 1 млрд 943 млн сомду түзгөн. Банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, улуттук валютаны колдоо үчүн резервдер жетиштүү.
13-январда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардагы доллардын баасы тарыхый максимум 60,70 сомго жеткен.
Булак : Баракелде


Leave a Reply