Ld_oc8m50DU

Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Эпкин айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыр маселеге ошол убактагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы, азыркы учурда райондун акими Нурбек Жусупбековдун тиешеси бар. Мындай маалыматты бүгүн, 26-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын адистери кабарлашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматына карасак, айылдык маданият үйүн ошол кездеги оңдоп-түзөө иштерине байланышкан кылмыш иши 2014-жылы жүргүзүлүп, каражат туура эмес пайдаланылгандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок учурда 1 айдан бери бул иш боюнча иликтөөлөр Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертизалык борбордун техникалык экспертизасына жиберилип, учурда кароо алдында турат.

Бул иш боюнча 3 жыл мурун капиталдык оңдоо иштерине дем берүүчү гранттын эсебинен 1,9 млн сом каралган. Бирок курулуш өз деңгээлинде аткарылбай калган.

Бул ишке курулуш ишин аткарган «Бек-Нур» ЖЧКнын өкүлү Теңизбек Кашкулаков менен район акими Нурбек Жусупбековдун тиешеси бар экени белгиленген.

Тергөө амалдарынын натыйжасында мамлекетке 815 миң 686 сом өлчөмдөгү зыян келтирилгени белгилүү болду.

Булак: Turmush