Тажикстандын аймагында Баткен шаарынан 108 чакырым алыс жер титирөө катталды
1-ноябрь күнү саат 21:41де эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу: Тажикстандын аймагында болуп, ал Кыргызстандын Коргон айылынан 60 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 60 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты.
Жер титирөө КР аймагында жана Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Булак : Баракелде
Leave a Reply