elektro1

Көпчүлүк абоненттерде эмнеге эсеп-дүмүрчөгүндө айына социалдык ченем менен каралган 700 кВт.саат толугу менен эсептелинбей жатат деген суроо пайда болду.

(бир айда 700 кВт.саат ченеми 0,7 сом тарифи менен эсептелинет деген жарыя  болгон, эмнеге эсеп-дүмүрчөгүндө 690 кВт.саатка гана эсептелинген – окурман)

Электр энергиянын көлөмүн эсепке алууда “Северэлектро”  ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөт алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча  мамлекеттик агенттигинин буйругу (№ 39, 28.11.2014ж.) менен бекитилген “Электр жана жылуулук энергиянын тарифин колдонуу убактылуу нускамасынын”  негизинде иш алып барат.

Электр энергиянын керектөө көлөмүн  эсептөөдө  700 кВ.с/айына берилген социалдык ченем абоненттин күнүмдүк керектөөсүнүн негизинде келип чыгат, ал 23. 0137 кВт.саатты түзөт:

700 кВт.саат * 12 ай = 8400 кВт.саат / 365 = 23. 0137 кВт.саат

Абоненттин эсептегичинин көрсөтмөсүн алуу графигинине байланыштуу эсептөө мезгили бир айдан кем же көп болушу ыктымал. Мисалга: абоненттин 23. 0137 кВт.саат көлөмүндөгү орточо эсеп керектөөсүн  27 күнгө көбөйтөбүз (конкреттүү абоненттин эсеп-кысап жүргүзүү мөнөөтү). Жыйынтыкта жогоруда белгиленген эсеп-кысап мезгилине социалдык кепилденген көлөмдөгү электр энергия келип чыгат.  Бул көлөм 0,7 сом тарифи менен эсептелинет:

23. 0137 кВт.саат * 27 күн = 621, 3699 кВт.саат

Жалпысынан абонентке социалдык норма боюнча бир жыл ичинде 0,7 сом тарифи менен  8 400 кВт.саат көлөмүндөгү электр энергия эсептелинет.

Колдонулган электр энергиянын төлөмдөрүнүн суммасын “Түндүк электр” ААКнын сайтынан эсептөөгө мүмкүн. Турмуш-тиричилик абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында бөлүштүрүү компаниянын www. severelectro.kg сайтында  “Калькулятор” онлайн-сервиси иштеп баштады. Бул үчүн керектүү  графаларды толтуруп “эсептөө” функциясын басасыз.

Калькулятор “Түндүк электр” ААКнын тейлөөсүндөгү бардык турмуш-тиричилик керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.