Депутат Өмүрбек Текебаев: “Уюшулган кылмыштуулук жаңы тепкичке көтөрүлдү”
Бүгүн, 6-февралда «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп, республикадагы криминалдык жагдай, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана ушуга байланыштуу болгон тиешелүү маселелерди чечүү боюнча КР Жогорку Кеңеши тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси каралууда. Алгач КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев милиция менен коомчулуктун аракетин айкалыштыруу жана өз ара алакасын бекемдөө максатында, коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу жаатында бир катар иштиктүү чаралар сындуу бир катар маалыматтарды билдирди. Жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сандык маалыматтарга токтолуп, айрыкча, 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы адам өлтүрүү, карактоо фактылары көбөйгөндүгүнө тынчсызданып, уюшулган кылмыштуулук жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн, ал эми жокчулуктун айынан бара турган кылмыштуулуктардын саны азайгандыгын белгиледи.
Түнкү күзөттөр менен рейддер жүрбөй жатканын айткан депутат Ирина Карамушкина, патрулдарды башка иштерге тартып, алагды кылбай, профилактикалык иш-чараларлды күчөтүү керектигин сунуштады.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply