сон-Кол1

   Нарын шаарында болуп өткөн курчап турган чөйрөнү коргоо мекемелеринин отурумунда Соң-Көлдөгү абал да талкууланды.

-Соң-Көлдү чынында айланасындагы 3 райондун билермандары бөлүп алышкан экен. Баарысы каалагандай иштешет,-деген такилигин келтирди өкүл Аманбай Кайыпов. Мындай кинеге мамлекеттик агенттик толук кандуу кошулбайт.

-Соң-Көлдөгү мыйзамсыз иштерден төбө чачың тик турат. Анткени, көлдүн үч тарабы бизге карабайт. Ошондуктан биргелешип иштесек. Бул жагынан жергиликтүү бийлик жардам берсеңер,-деди КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин деректири Сабыр Атажанов.

Жыйынтыгында тараптар быйылкы жылы биргелешип Соң-Көлгө тартип орнотушмай болушту.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу