жайыт

  -Ар бир токой чарбаларда, мамлекеттик корук менен жаратылыш парктарда 1-мартка чейин мекеменин эсепчилери эң акыркы үлгүдөгү компьютер менен камсыздалып, 100 пайыз 1-С программасы киргизилсин,-деген такиликти келтирди КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин деректири Сабыр Атажанов Нарын шаарында өткөрүлгөн атайын жыйын учурунда.

-Ал үчүн кандайдыр бир окуулар өткөрүлөбү?-деген собол түштү.

-Өткөрүлөт. Негизи окугула да, үйрөнгүлө. Кайсы чарбада же мекемеде 1-мартка чейин аталган программа коюлуп, жетекчилер менен эсепчилер аткара баштабасаңар, анда өзүңөр эле арыз жазып кете бергиле,-деди С.Атажанов мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу