Самир Осмоналиев: “Этти сыртка чыгарууда эки талап аткарылышы керек”
КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Самир Осмоналиев
Жуманын башында “Эркин Тоо” гезитинин редакциясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Самир Осмоналиев болду. Ал түз байланыш телефону аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берди:
Айнагүл Муратбекова,Бишкек шаары:
| Саламатсызбы, Самир Кушайынович? Азыркы учурда азык-түлүктөрдүн, жер-жемиштердин сапаты начар болгондуктан, адамдардын ден соолугу начарлап, улам барган сайын оорунун түрлөрү көбөйө баштады. Адис катары сиз буга кандай карайсыз? |
– Азыр продукциялардын сапаты өтө начар болуп жатат дегениңизге кошула албайм. Бүгүнкү күндө бизге келип жаткан эт-аштардын бардыгын биздин кызмат текшергенге аракет кылат. Экинчиден, тигил жактан келген азык-түлүктөр сертификатсыз, документсиз кире албайт.
– Кечиресиз, сырттан келген эттер жөнүндө жакшы эмес пикирлерди көп эле жерден угуп жүрөм да.
– Эми мен сизге бул жөнүндө кененирээк айтып берейин. Бүгүнкү күндө Кытайдан тооктун, өрдөктүн эттери келет. Ал жакта 30-40ка жакын тоок жана өрдөк этин өндүрө турган заводдор бар. Так ошол ишканаларды, өндүрүш линияларын кыдырып, сертификаттарын, тиешелүү документтерин көрүп келгенге биздин адистер, ветврачтар барып турушат. Мына кечээ жакында эле биздин балдар ошондой ишканалардын баарын кыдырып, Кытайда 10 күндөн ашык жүрүп келишти. Келгенден кийин ошонун негизинде башкы ветеринардык врачтын жана башкы ветеринардык инспектордун атайын токтому жана буйруктары чыгат. Тактап айтканда, ошол өндүрүш ишканаларынын шарттары бизге туура келеби же жокпу, уруксат беребизби же жокпу деген сыяктуу жагдайларды тактап, андан кийин гана тизмеге, реестрге киргизишет. Мына ошондон кийин гана биздин ишкерлерге, фирмаларга, бизнесмендерге тизмеге катталган заводдордон азыктарды алып келгенге жол ачылат. Алар качан, кайсы убакытта канча көлөмдөгү этти алып келээри тууралуу күн мурунтан бизге кабарлашып, андан кийин гана уруксат кагазын алышат. Ал кагазды кантип алышат? Ишкерлердин документтери биздин талаптарга жооп бериши үчүн ар бир кагазы кылдат текшерилет. Баары так, туура болгондо гана уруксат берилет. Алар алып келгенден кийин чегарадан биздин инспекторлор тарабынан документтер кайрадан текшерилет. Алып келинген этке лабораториялык текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде андан кандайдыр бир оору, же оору козгогучтар чыгып, же шарттары туура келбей калса, же сактоо мөөнөтү өтүп кетсе, ал продукция ошол жерден жок кылынат же артка кайтарылып берилет. Чегарадан өткөндөрүнө уруксат кагаздары берилгенден кийин гана сатыкка чыгат. Жеке ишкерлер продукцияларды чоң-чоң муздаткыч кампаларында сакташат. Биздин инспекторлор маал-маалы менен график боюнча барып, аларды текшерип турушат.
Алмазбек Токтогулов,Ысык-Көл облусу,Тоң району:
Шарп, бруцеллёз, кутурма оорулары боюнча азыркы абалыбыз кандай?
– Туура айтасыз Алмазбек, бул оорулар инфекциялык ооруларга кирээрин билесиз да. Былтыр аталган оорулар боюнча Кыргызстанда 52 очок катталган. Кутурма, ящер боюнча быйыл 5 очок катталды. Бруцеллёз боюнча өзүңүзгө маалым болгондой, 5-6 жыл мурда абалыбыз өтө оор болгондуктан, эл аралык уюмдардын, бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен аталган ооруну долбоорго киргизгенбиз. Долбоор иштелип чыгып, буюрса быйыл аягына чыкканы турат. Керектүү вакциналарды сатып алуу үчүн өтө чоң суммадагы каражат кеткен. Бруцеллёзго каршы эмдөө иштерин жүргүзүп, 5 жылдын ичинде оор абалды оңдогонго жетиштик десем болот.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2010-2011-жылдары жылына төрт жарым миңге жакын адам бруцеллёз менен ооруган болсо, 2013-жылы 1500 адам катталган. Оору үч эсе кыскарган. Бул өтө орчундуу маселе болгондуктан, мал доктурлардын чоң ролун эске алып, алардын айлыктарын дагы долбоор аркылуу төлөп бергенбиз. Азыр деле бул иштер уланууда.
Учурда эл арасында кеңири тараган дагы бир оорулардын бири-бул эхинококкоз. Ал ит-мышыктардан жугаары белгилүү. Биздин кызмат эл аралык уюмдардын жардамы менен кийинки 5 жылдыкка аталган ооруну киргиздик. Себеби, акыркы 4-5 жылдын ичинде бул оору кеңири кулачын жайып, 3-3,5 эсеге көбөйгөн. Долбоордун алкагында 5 миллион таблетка жана ага тиешелүү жабдууларды сатып алдык. Ал эми ящер оорусу боюнча айтсам, бул оору дагы 2007-2008-жылдары абдан күчөп, өтө көп малдарыбыз жабыркаган. 2014-жылы ооруну жашырбастан, ачык, так айтуу саясаты жүрсүн дегенбиз. Быйылкы жылы ал боюнча 5 очок ачылып, азыркы күндө толук кандуу иштер жүрүп жатат. Эл аралык эпизоотикалык бюрого отчетторун берип, дарылоо иштерин баштадык. Бизде ошондо ящер оорусу чыккандыгына байланыштуу Орусия мамлекети 2007-жылы бизден экспорттолгон эт продукциясын киргизбей, чегарасын жаап салган. Мына ошондон бери биз этти сыртка чыгара албай жатабыз.
Асылбек Айдаров,Нарын облусу,Ак-Талаа району:
Бажы биримдигине кирсек, этибизди сыртка чыгаруу үчүн бизге кандай талаптар, шарттар коюлат?
– Азыр Бажы биримдигине кирсек, этти Орусияга чыгара алабызбы деген суроо менен көпчүлүк мал баккан фермерлер кайрылып жатышат. Мындай суроо менен жүргөн атуулдарга айтаар элем, Орусия мамлекетинин бул боюнча бизге койгон 2 гана талабы бар. Биринчиси, эпизоотикалык абалды оңдоо. Экинчиси, мал союлуучу, кайра иштетүүчү, таңгактоочу жайлардын баарын эл аралык стандартка ылайыкташтырганыбызда гана уруксат беребиз деп жатышат.
Жакында эле бул боюнча Өкмөттүн токтому чыкты. Мындан кийин мал бир гана мал союлуучу жайда гана союлушу керек деген талап менен тартипти күчөтүп жатабыз. Экинчиден, мал соёрдун астында мал доктурду чакырып, малдын ден соолугун текшерип, ага чейин берилген эмдөө кагаздарын көрүп чыккандан кийин гана ветврачтын уруксаты менен союлат.
Расулбек Тагаев,Жалал-Абад облусу,Аксы району:
| Бизде мал доктурлардын саны жетиштүүбү? Менин билишиме караганда көпчүлүк айылдардагы ветврачтардын жашы өтүп калгандар. Азыркы убакта бул кесипке тартылган жаштар барбы? |
– Абдан туура суроо бердиңиз, Расулбек иним. Бул боюнча жалпы абалыбызды айтсам, мал доктурлардын саны жетишпейт. Себеби, буларга карата мамлекет тараптан бөлүнүүчү каражат өтө оор маселелерден. Бүгүнкү күндө бизде мамлекеттен айлык алган 600дөй ветеринардык инспекторлор бар. Республика боюнча 1400дөй менчик ветеринардык врачтар 700дөй менчик ветеринардык сервистерге биригип, айылдарда иштеп жатышканын белгилеп коюшум керек. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө 2000ден ашыгыраак ветврач бул багыт боюнча иштеп жатышат. Ал эми Союз кезинде 9 миңден ашык мал доктур иштеген. Азыр бизде 6 миллионго жакын коюбуз бар. Ошого жок дегенде бизге 6 миңге жакын мал доктур керек. Алардын жетишпегендигинен улам биз бүгүнкү күндө кыйналып жатабыз. Менчик ветврачтарга таазим кылам. Алар таманы үзүлгөнчө чуркап иштеп жатышат. Малдын ээсинин жоопкерчилиги төмөн болуп, мал доктурга айлыгын убагында бербей, создуктуруп, кээде бербей койгон учурлары да жок эмес. Аларды малына, кашарына, жайытына киргизбей койгон сыяктуу туура эмес көрүнүштөр көп болуп жатат.
Бактыгүл Кулатаева
(Уландысы бар)


Leave a Reply