саакашвили1

Грузиянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Михаил Саакашвили 2006-жылы 27-январда Сандро Гиргвлианининин полиция колдуу болгонун жаап-жашырган деп айыптады. Прокуратуранын маалыматы боюнча, Саакашвили кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, Гиргвлианинин иши боюнча козголгон кылмыш ишин ошол убактагы ички иштер министри Вано Мерабишвили, Конституциялык коопсуздук департаментинин башчысы Дато Ахалай жана башка кызмат адамдары менен чогуу бурмалоого катышкан. Башкы көзөмөл органы Саакашвилини бул ишке айыптуу адамдарды н жана киши өлтүрүү тууралуу маалыматтары жаап-жашырган деп күнөөлөөдө. Прокуратуранын маалыматында айтылгандай, мурдагы ички иштер министри Вано Мерабишвилинин аялы Тамар Салакай эки киши барда өзүн кемсинткени үчүн ички иштер кызматкерлерин чакырган. Алар тиги экөөнү алып чыгып кетип, суукта токойго алып барып сабашкан. Эртеси күнү Гиргвлианинин сөөгү табылган, экинчиси –Леван Бухаидзе качып кетип, тирүү калган.
Булак: Азаттык