кар кутртку1

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2014-жылдын 28-ноябрында Ош облусундагы Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 75-чакырымына кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоо үчүн №26 жол тейлөө иш-канасынан 1 даана бульдозер 86-чакырымдан (Көңдүк участкасынан) келе жатат.

Кар көчкүнүн көлөмү жана саат канчада түшкөндүгү такталууда. Кошумча маалымат берилет.