өрт1

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 30-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын Садыгалиев менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишинен «Скайне» жүк ташуучу автоунаасынан өрт чыгып, кабинасы, аба муздаткычы күйүп кетти. Учурда себеби такталууда.

Балдардын от менен ойногонунун жыйынтыгында Чүй облусундагы Москва районунун Кемпир-Арык айылындагы Акылтаева көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунан өрт чыгып, 120 түк чөп күйүп кетти.

Үй ээсинин 9 жаштагы уулу Е.Маданбеков өрткө себепчи болгон, деп айтылат маалыматта.

Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕКОВА