айнуру1

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасы Айнуру Алтыбаева бүгүн, 20-январда АКИpress агенттигине Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасын кароо процедурасынын жүрүшүн түшүндүрдү. «Отставка тууралуу өтүнүч президенттин атына берилди. Президенттин аппаратынан ал Жогорку Кеңештин аппаратына келип түшүшү керек. Анын Жогорку Кеңешке келгендиги боюнча маалыматым жок, бирок ал узакка созулбайт болуш керек. Ал үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Жада калса биз бир имаратта жайгашканбыз. Өтүнүч тууралуу маселе Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна киргизилет жана ал жерде каралат», – деп билдирди ал. «Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн бири колдосо, ачык добуш берүүнүн негизинде башкы прокурорду кызматынан бошотууга укуктуу. Кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу профилдик комитет тарабынан 10 күндүк мөөнөттө каралат, бирок сунуш кабыл алынгандан 7 күндөн эрте болбошу керек», – деди А.Алтыбаева.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА