датка Алым

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык, КР Өкмөтүнө Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракесин 2015-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмегине киргизүү тапшырылды. Жогорку Кеӊештин «Алымбек датка Асан бий уулунун 215- жылдык мааракеси жөнүндө» токтому анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы эске алынуу менен, тарыхый эстутумду сактоо жана кыргыз элинин чыгаан уулу Алымбек датканын ысымын кийинки урпактардын эсинде калтыруу максатында кабыл алынган. Ошондой эле, Өкмөткө мамлекеттик комиссия түзүп, маараке боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана өткөрүү, 2015-жылдын республикалык бюджетинде каржылык каражат кароо тапшырмалары да берилди. Мааракелик иш-чаралар алкагында Алымбек датканын өрнөктүү өмүр жолуна арналган телекөрсөтүүлөр менен радиоуктуруулар уюштурулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдар жарыяланмакчы. 2015-жылы белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Алымбек датканын туулганына 215 жыл толот.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА