жороУлуттук илимдер академиясынын академиги, Казакстан Республикасынын инженердик академиясынын ардактуу академиги, КРнын техника жана илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыгынын ээси, химия илимдеринин доктору, профессор, Шарипа Жоробекова:

-Шарипа Жоробековна, алдыдагы 60 жылдыкка карата даярдыктар кандай жүрүп жатат?

-60 жылдыкка карата даярдыктар боюнча биздин академиянын президиуму жыл башында план түзгөн. Улуттук илимдер академиясынын алдындагы бардык институттар ар кандай илимий конференцияларды, семинарларды өткөрүп жатышат. Ошол эле учурда өндүрүштүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Атайын көргөзмө даярдап жатабыз, андан тышкары ММК аркылуу академиянын 60 жыл аралыгындагы жасаган эмгектери, бул аралыкта мамлекетибиздин өнүгүшүнө кандай салым кошо алды, ушул багыттагы маалыматтар байма-бай берилип, көрсөтүлүп, угузулуп жатат. 60 жыл аралыгында өлкөбүздүн ар кайсы тармактарына салым кошуп, элибиздин руханий дүйнөсүнүн өсүшүнө, экономикабыздын өнүгүшүнө, академия өз учурунда бир топ пайда келтирген. Союздун таркашы бир гана илим тармагына гана эмес, бардык тармакка кыйынчылык туудурбадыбы. Коңшу мамлекеттер менен болгон илимий дагы башка байланыштарыбыз үзгүлтүккө учураганын тана албайбыз. Ошондо кол куушуруп отура бербей эл аралык байланыштарды чыңдай баштадык. Ушундайча иштерди жасап келе жаткандан кийин, эми минтип 60 жылдан кийин академия керекпи же кереги жокпу деген пикирлер пайда болуп жатат. Бизди ойлондурганы ушул мааракеден кийин кандай өзгөрүү болот деп турган чагыбыз. Бирок реформаны сөзсүз жүргүзүш керек.

-Кеп учугу реформа туурасында болуп калды. Аны кандай негизде жүргүзүү туура болот деп ойлойсуз?

-Бул багыттагы маселе өз убагында жана туура көтөрүлдү деп эсептейм. Бир жагынан илим менен өндүрүштүн байланышы үзүлүп калды. Анын себептери бар. Илгеркидей чарбалык пландар жок. Айталык, биздеги министрликтер инвесторлорду тартуу менен алектенип калышты. Инвесторлор келишсе, өздөрүнүн технологиясы менен келишет. Бул учурда биздин берген сунушту ал технологияга киргизе алышпайт. Анткени алар канча жылдан бери өздөрүнүн технологиясын иштеп чыгышкан. Сырттан келген технологияны бизге алып келишкенде, биринчиден академияда иштеп жатышкан илимпоздордун эксперттик комиссияларына кароого коюшса болмок. Балким, ал өлкөбүздүн экологиясына терс таасирин тийгизе турган болуп калсачы? Айлана-чөйрөбүздү сактап калууга биздин окумуштуулардын илим-билимин пайдаланышыбыз керек эле. Илим жана жаңы технологиялар комитети деген бар эле. Ал мезгилдерде өндүрүш менен илим-изилдөө институттардын ортосундагы байланышты түзүп турчу. Ал комитет жоюлуп кеткени, академиянын институттары илим-изилдөө долбоорлорду өздөрү тандап калышты. Биздин окумуштуулар биздин өлкөгө эмне керек, кайсы багыт пайдалуу экенин, кандай кыйынчылыктар болуп жатат, аларды кандай жолдор менен жеңүү керектигин мыкты билишет. Ушунун баарын эске алуу менен приоритеттик багыттарды тандап алып, академиянын жалпы жыйналышында талкуулап, туура багытты тандап алып иштеп келе жатабыз. Негизинен илимди каржылоо керек. Өкмөт тараптан көрсөтүлүп жаткан каржы чындыгында жетпейт. Бирок Өкмөт бизди таптакыр карабай жатат деген ойдон алысмын. 2007-2012-жылдар аралыгында биздин бюджетибиз 67 млн.сом болгон. Андан кийин 290 млн.го жеткиришкен. Ошол эле учурда академиктердин стипендиясын 2 жолу көтөрүп беришти. Учурдун талабына жараша биз эл аралык фонддордон долбоорлор менен иш алып барууга умтулабыз. Биздин эле институтта 1998—жылдан бери мен жетектеген лаборатория 10 чакты долбоорду утуп алган. 7 өлкөдөн турган эл аралык техникалык илимий борбор бар. Аларда долбоорлордун татыктууларын тандашып, бир долбоорго эле 300 миң долларга чейин баалашып каражат бөлүп беришет. Анын жарымы жабдык алганга жумшалат. Каражат берип жаткан өлкө өздөрүнө бул долбоордун керектүүлүгүнө да маани беришет.

– Жаштардын илимий процесске катышуусу солгундап кеткен жокпу?

– Биздин академиктердин жаш курактары бир топко барып калгандыктан, жаш кездегидей иштөө мүмкүн эмес болуп калат. Биздин академия бул жагынан социалдык мекемеге жакындап кетип жатат. Ушуга окшогон проблемаларды эл аралык эреже боюнча окумуштуулар канча жашка чейин иштөөгө болот деген атайын норма бар. Бизде бул багыттагы мыйзамдын жоктугунан чечкиндүү кадамдар жасалбайт. Аксакалдарыбызды четке каккандык эмес. Аларга болгон урмат-сыйыбыздан танбайбыз. Биротоло академиядан кол үзүшпөй, келип-кетип, жаш окумуштууларга кеп-кеңештерин берип турушса болот. Ошол эле учурда мыкты, дарамети, билими күчтүү жаштардын бизге аз келишинин дагы бир себеби маянанын аз төлөнүшүнөн улам башка тармактарга кайрадан кетип жатышы өкүнүчтүү. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетип жатат. Ошол эле учурда жаштарыбыздын баарынын эмес, айрымдарынын алган билимдери талапка жооп бербей жатат. Анын негизги себебин жакшы түшүнүп, билип калбадыкпы, ЖОЖдордун берген билимдеринин сапаты төмөн. Кезинде биздеги бардык окуу жайлардын билим берүүсүнүн сапаттуулугун сыймыктануу менен белгилесек болот. Окутуучулук курам ар убак изденүү менен алек болушар эле.

Советтер Союзу боюнча Казакстандагы алюминий чыгаруу тармагында анын технологиясында абдан чоң проблема жаралып, кыйынчылык туулган мезгилде Кыргызстандагы КМУнун чакан физикалык жана коллоиддик химия кафедрасы чечип бергенбиз. Бүткүл союз боюнча ошол проблемага тиешелүү адистерди таба алышпай, бизге өздөрү кат менен кайрылышкандыгын айткым келет. Ал учурда илимий иштер атайын советтик журналдарга жарыяланып турган. Ошол аркылуу таап бизге чыгышкан. Биздин окумуштуулар тарабынан мындай эмгектердин бир канчасы аткарылып, ар тараптуу өнүгүүгө салымдарын кошуп келишкен. Азыркы учурда ЖОЖдордо илим-изилдөө иштердин деңгээли андай эмес. Ошондуктан, реформа жүргүзүүнүн негизинде академиянын институттарын сактап калыш керек.

Биздин академияда 1900 адам эмгектенишет. Кезинде он эсе көп эмгектенишкен экен. Ошол убакта деле 24-25 институт болгон экен. Эми болсо 21 институтубуз бар. Илимдеги приоритеттик багытты тандап алгандан кийин институттардын саны дагы ошого байланыштуу болуусу керек. Кээ бир институттардын лабораториясынын теңинин ал багытка эч кандай тиешеси да жок болуп калат. Баягы эле союз мезгилиндегидей иштеп жаткан иштерин ушул убакка чейин эски системада улантып келе жаткан тематикалар бар. Ал тематикаларды өзгөртүүдө тоскоолдуктар жаралат. Жаап-жашырганда туура болбос, Илимдер академиясында бир дагы өндүрүшкө сунуш киргизбеген айрым академиктерибиз да жок эмес. Институттардын, лабораториялардын сандарын, аталыштарынын баарын приоритеттик багытта накта биздин өлкөгө пайдасын келтире турган, экономикалык, экологиялык, социалдык шарттардын проблемасын чечүүгө багытталгандары калышы керек. Аларды тандап алууга убакыт келип жетти. Экинчиден, 2011-жылы окумуштуулардын айлыгын иштеген иштерине жараша стимулдаштырып, төлөп берүү боюнча Өкмөттүн токтомунун долбоору чыккан. Бирок, ал долбоор бекитилген эмес. Бирдей айлык акы төлөө бүгүнкү талапка туура келбейт. Дагы бир айта кетчү жагдай, биздин академияда бир президент, 4 вице-президент, бир окумуштуу катчы, андан тышкары 5 кеңешчи эмгектенишет. Бизге мындай чоң аппараттын кереги жок. Бул маселе боюнча президиумда деле айтып келебиз. Негизинен бизге бир президент, бир вице-президент болсо жетиштүү.

Айзада Дүйшөнбаева