Сапар Исаков1– Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын жүрүшүндө Казакстан биздеги “Камбар-Ата-1” долбоору боюнча кызыгуусу бар экенин билдирди. Бирок, бул боюнча маселе азырынча бышып жетиле элек. Бул багытта тараптардын дагы кеңири сүйлөшүүсү болот. Негизи, биз дагы бул процесске Казакстандын катышуусуна кызыкдарбыз.
Ошондой эле, иш-сапардын алкагында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан каражат бөлүп бере тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Албетте, жол картасын ишке ашыруу үчүн өзүнчө каражат керек. Биз акчаларды жаңы ветеринарияда, фитосанитарияда жана башка жаңы стандарттарды кылуу үчүн чек араларды курууга сарпташыбыз керек. Казакстан ушул сыяктуу иштерибизге 100 млн. доллар каражат бөлгөнү турат. Бул сумма Орусия бөлүп жаткан 200 млн. доллардан башка. Буйруса,  эки өлкөнүн Өкмөттөрү бул учурларды иштеп чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, жетишилген ийгиликтердин бири катары Казакстандын кыргызстандыктар үчүн өлкөгө кирүүдө катталуу мөөнөтүн 5 күндөн 30 күнгө чейин узарткандыгын айтсак болот. Эми Кыргызстандын жарандары Казакстанга киргенде 5 күндүн ичинде каттоодон өтүшү керек. Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдүн жарандарына бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылган. Ал эми Кыргызстан Бажы биримдигине кире элек болсо да, Казакстан биз үчүн эрежелерди жеңилдетүүгө макул болду. Мөөнөттү узартуу шарты биздин жарандар үчүн абдан жакшы болду.
Динар Турдугулова