Депутат А.Калматов: “Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция түзүлгөндөн кийин, анын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктарын берүү зарыл”
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Анда «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңешинин депутаты Анарбек Калматовдун айтымында, 7-8 органдын базасында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция түзүлгөндөн кийин, анын ишмердүүлүгүн жүзө ашыруучу ыйгарым укуктарын да берүү зарыл. Бул инспекцияга экологиялык жана коопсуздук техникасы жагындагы контроль жана көзөмөл иш милдеттери өткөрүлүп берилген. Буга байланыштуу аталган иш милдеттердин өткөрүлүп берилишин эске алуу менен Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин беренелери менен бир катар мекемелердеги административдик укук бузуулар жөнүндө иштер кайра каралып, алардын айрымдары Мамлекеттик экологиялык –техникалык инспекцияга өткөрүп берүү жагы сунушталган.
Талкуунун жүрүшүндө комитет төрагасы Сайдулла Нышанов административдик укук бузууларды алдын алуу үчүн кандайдыр бир мобилдүү топтор түзүлсө деген оюн ортого салды. Административдик укук бузууларды азайтуу же болтурбоо үчүн экологиялык прокуратура өзүнчө болсо бир топ натыйжалуу жыйынтыктар болмок дейт демилгечи депутат А.Калматов. Мындай пикирди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Сабир Атажанов улады.
КР Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын түзүлгөнүнө 3 жылга жакындаган мезгил өтсө да, анын ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү мындай мыйзам долбоорун сунуштаган эл өкүлүнө ыраазычылык билдирип, долбоорду кабыл алууну тездетүүнү өтүндү.
Жыйынтыгында адамдардын саламаттыгын, жаныбарлардын дени-карды соо өсүп-жетилишин, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана терс кесепеттерди алдын алууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда комитеттин колдоосуна ээ болду.
Аталган мыйзам долбооруна байланыштуу, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору да экинчи окууда жактырылды.


Leave a Reply