40
 Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 19 адистештирилген мекемелерге жалпы суммасы 7 млн. 250 миң сомго материалдык жардам берилди, деп билдирди бүгүн, 3-декабрда КР президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев сертификаттарды берүү аземинде.

Д.Нарымбаев, өзүлөрүнүн камкордугуна алган балдарга жакшы шарттарды камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштер үчүн мекемелердин жетекчиликтерине ыраазычылык билдирди.

«Мамлекеттик бардык аракеттери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды профессионалдуу реабилитациялоого жана алардын коомдогу социализацияланышына багытталган»,- деди Нарымбаев.

Анын белгилешинче, президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен, Социалдык колдоо жана коргоо президенттик фонддон жалпы суммасы 7 млн. 250 миң сомго жардам көрсөтүлдү.

«Бүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө байланыштуу, техника алуу үчүн акча каражаттардын сертификатын тапшырып жатабыз. Алуучулардын катарында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 19 адистештирилген мекеме бар. Каражаттарга тиричиликтик буюмдар, жабдуулар жана эмеректер алынат»,- деди Нарымбаев.