Маданият министрлиги Майыптар коомуна жардам көрсөттү
Маданият маалымат жана туризм министрлигинде Эл аралык майыптар күнүнүн алкагында Майыптар коомуна жардам көрсөтүлдү.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жардам катары «Манас», «Токтогул», «Чынгызхандын ак булут» сыяктуу китептер, кийимдер жана оюнчуктар берилди.
Аталган жардам министрликтин профсоюзу, ведомство алдындагы мекемелер тарабынан чогултулду.


Leave a Reply