Премьер-министр Ж.Оторбаев: Кыргызстан демократияны курууда бай тажрыйбага ээ болгон Швейцария менен кызматташууга кызыкдар (фото)
22-ноябрь күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРга иш сапары менен келген Швейцария Конфедерациясынын президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууну ачууда Ж.Оторбаев белгилегендей, КР демократияны курууда бай тажрыйбага ээ болгон Швейцария менен кызматташууга кызыкдар.
«Швейцария Кыргызстандын маанилүү экономикалык шериги болуп саналат. Бирок биз дагы акыркы 4,5 жылда ийгиликтүү өнүктүрүп келе жаткан парламенттик демократияны куруу жаатындагы тажрыйба алмашуу боюнча ишти активдештирүүнү каалар элек. Демократиялык институттар жетилип, ал эми саясый мүнөздөгү бардык иш-чаралар көчөлөрдө эмес, парламентте өтүүдө», — деди ал.
Өз кезегинде Д.Буркхальтер Ж.Оторбаевге жолугушу мүмкүндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Швейцария, учурда ал жетектеп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму катары эле Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар.
«ЕККУ менен Кыргызстан аралык кызматташуу деңгээли ырааттуу өнүгүп келе жаткандыгын белгилеп кетким келет. Менин пикиримде, Швейцария жана Кыргызстандын ортосунда көптөгөн жалпы маселелер бар жана биздин эки жана көп тараптуу кызматташуу форматындагы шериктештик узак мөөнөттүү келечекте чыңдала бермекчи», — деди Д.Буркхальтер.
Булак : Баракелде

Leave a Reply