ниязалиева

Тоң районунун табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын кайрылуусунун негизинде 21-ноябрда депутат Дамира Ниязалиева жергиликтүү эл менен райондук клубдун имаратында жолугушту.

Жолугушууга КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Тоң районунун мамлекеттик администрация өкүлдөрү, облус жетекчилери, СДПК партиясынын Ысык-Көл, Жети-Өгүз боюнча координаторлору катышты. Жолугушуу эл өкүлү Д.Ниязалиева тургундар тарабынан берилген курч суроолорго жооп берди. Жергиликтүү калк “Жогорку Кеңештин бул чакырылышында Тоң районунан депутат шайланбагандыктан, район көйгөйлөрү эске алынбай келерин айтып, эл өкүлүнөн аларды чечип берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Жолугушуудан соң Д.Ниязалиева министр К.Боронов менен бирге жабыр тарткан үйлөрдү кыдырып көрүштү.
Тургундар үйлөрүнүн кызыл китеби жоктугун, документ алуу өтө эле кымбат экенин айтып, бул иштерди акысыз жүргүзүлсө дейт. “3– даражадагы жабыр тарткан үйлөргө 10000 сомдон кароо өтө аз”,- деген жабырлануучулар 3-даражадагы жабыр тарткан мектептерди Түрткү берүүчү грант тарабынан каржылануучу обьектилердин тизмесине киргизүүнү суранышты.
Ошону менен катар 4 жылдан бери берилген жүзгө жакын жер тилкелерине там салуу үчүн трансформация боло электиги, райондун борборунда 1000 окуучулук мектепке ремонт жасала электиги, чектелбей жаткан жөлөкпул сындуу бир катар маселелер көтөрүлдү. Депутат Дамира Ниязалиева көтөрүлгөн жергиликтүү мүнөздөгү маселелерди акимге, айыл-өкмөттөрүнө жеринде чечүү боюнча тапшырма берди. Ал эми Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечиле турган көйгөйлөрдүн баарын депутат жакын аралыкта комитеттин жыйынына алып чыкмай болду.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА