Польшада депутаттыкка аттанган Бакыт
14 жылдан бери Польшада жашаган, Познань шаарында университетте иштеген мекендешибиз Бакыт Орозбаев жакында шаардык кеңештин шайлоосуна талапкерлигин койду. Ал Польшадагы шайлоонун өзгөчөлүгү жана өзү тууралуу биз менен маектешти.
-2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика жана электроника факультетинде магистратураны бүтүп жаткам. Ошол жылы биздин университетке расмий сапар менен Польшанын Познань шаарындагы Адам Мицкиевич атындагы университеттин ректору профессор Стефан Юрга келген. Ал киши өзү физик болгондуктан, физика факультетинде да жолугушуу өткөргөн. Иш сапарынын алкагында 6университеттен 10 кишини Польшага, бир физика магистрин бир жылдык тажрыйба алмашууга жана 9 кишини ар кайсы факультеттерден магистратуранын акыркы курсундагы студенттерге бир жылга чакыруу кылды. Арасына мен дагы кирип калдым. Польшада бир жылдык тажрыйба алмашуу бүткөндөн кийин мага докторантураны баштоо сунушталды. Азыр докторантураны жактап Адам Мицкевич университетинин физика факультетинде илимий кызматкер болуп иштеп жатам. Польшада жүргөнүмө 14 жыл болуп калды.
– Кече жакында Польшада шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлигиңизди койгон экенсиз, буга эмне себеп болду?
– Саясатка кызыгам, коомдук уюмдар менен иштешем. Польшанын парламентинде, атайын тааныш адамдардын жардамы менен “Польша-Кыргызстан парламенттик” тобу түзүлдү. Төрт жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Көптөгөн Кыргызстандын делегациялары менен жолугушуу болду. “Польша-Кыргызстан”парламенттик тобуаркылуу Польшанын депутаттарынын арасында Кыргызстанды таанытууга карата көптөгөн иш- чаралар өтүп жатат. Биздин максат, Кыргызстан менен Польшанын ортосунда тажрыйба алмашуу, эң негизгиси парламентаризм боюнча жана жергиликтүүөкмөттөрдүн реформасы боюнча иш алып баруу болуп саналат. Жакында декабрь айында Накен Касиев баштаган 4 кишиден турган делегация Польшага келет.Бул иш сапар биздин мындан аркы иштешүүбүзгө чоң түрткү берет деп турабыз. Келечекте Познань шаарын Кыргызстандын Ош шаары менен достук шаар кылуу, эки элдин маданият күндөрүн уюштуруу, эки мамлекетти жакындаштыруу башкы максаттарыбыздын катарында десем болот. Депутатыкка талапкерлигимди койгонумдун себеби – Познань шаарында 14 жылдан бери жашап, ушул жердин даам-тузун татып, ушул жерден билим алып иштеп жаткандан кийин депутат катары шаарга да колдон келишинче жардамымды берейин деген ой болду.
-Шайлоонун кандай өзгөчөлүгүн байкадыңыз?
– 16- ноябрда Польша боюнча жергиликтүү бийликтерге шайлоо болуп өттү.Алты ай мурун Познань шаарынын Президентинин (биздики боюнча мэр) комитетинин атынан Познань шаардык кенешине депутаттыка кандидатурамды коюуну сунуш кылышкан. Сунушту кабыл алып, комитеттин атынан шайлоого чыктым. Познань шаарында 650 000 дөй жашоочусу бар. 7 округдан 37 депутат шайланат. Мен чыккан округдан 6 орунга ар кайсы комитет, партиялардан (баарысы 9) 97 киши талапкер болуп чыктык. Шайлоонун өзгөчөлүгү ар бир кандидатка тизмедеги ордуна жараша финансылык чегерүү бар, берилген суммадан ашык каражат жумшаганга тыюу салынган. Негизи шайлоо кампаниясы тынч жана маданияттуу өттү, шайлоочулар менен жолугушуу, пресс – конференциялар жана негизинен социалдык баракчаларда көп агитация иштерин жүргүздүк. Азыр шайлоонун акыркы жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Бирок биринчи маалыматтарга караганда, тилекке каршы, биздин комитет 11% добуш менен 4-орунга чыгып жатабыз. Эсептөөлөр боюнча бизден 3 депутат өтөт.
–Шайлоого катышуу үчүн Польшанын жараны болуу шартпы?
– Ооба, шарт. Бирок чектөө жок, Польшадан башка мамлекеттин жараны болсо болбойт деген чек жок. Кыргызстандын да, Польшанын да жаранымын.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА



Leave a Reply