мчс

2014-жылдын 24-ноябры саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин күндөлүк ыкчам маалыматынын билдирүүлөрүнө таянсак, шашылыш билдирүү: кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт!!!

2014-жылдын 20-ноябрынан 25-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала–Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы, Премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында №21-буйругу чыккан.

Мурда айтылгандай  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын 14-ноябрында саат 07:24тө эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу: Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгышты, Тосор айылынан 22 чакырым түштүк-батышты, Бөкөнбаев айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышты жана Балыкчы шаарынан 105 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

         Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 42º00´; чыгыш кеңдиги 77º19´.

Жер титирөө: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга  айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл сезилген.

2014-жылдын 23-ноябрына карата Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен:

Тоң районундагы Тоң айыл аймагында321 арыз түшкөн, 321 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 61 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 1 социалдык объект жана 245 турак үй  II даражада, 1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 14 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Мамбетов айыл аймагында124 арыз түшкөн, 124 турак үй жана 13 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 48 турак үй жана 4 социалдык объект I даражада, 58 турак үй жана 7 социалдык объект II даражада, 2 социалдык объект жана 7 турак үй III даражада, 11 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Күн-Чыгыш айыл аймагында 952 арыз түшкөн, 952 турак үй жана 11 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 300 турак үй I даражада, 353 турак үй жана 8 социалдык объект II даражада, 226 турак үй жана 3 социалдык объект III даражада, 73 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Кажы-Сай айыл аймагында 729 арыз түшкөн, 729 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 231 турак үй жана 3 социалдык объект I даражада, 402 турак үй жана 2 социалдык объект II даражада, 28 турак үй жана 4 социалдык объект III даражада, 8 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Төрт-Күл айыл аймагында 107 арыз түшкөн, 107 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 29 турак үй  I даражада, 51 турак үй  II даражада, 13 турак үй  жана 1 социалдык объект III даражада, 14 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

 Ак-Терекайыл аймагында 114 арыз түшкөн, 114 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 29 турак үй  I даражада, 75 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 2 турак үй III даражада, 8 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Көл-Төр айыл аймагында 159 арыз түшкөн, 159 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 89 турак үй I даражада, 49 турак үй II даражада,  1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 20 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Жалпы Тоң району боюнча 2506 арыз түшкөн, 2506 турак үй жана 45 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 847 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 1233 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 278 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 148 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

 Жети-Өгүз районунун Тамга айыл аймагында312 арыз түшкөн, 312 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 102 турак үй I даражада, 127 турак үй II даражада, 5 турак үй III даражада, 5 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан.

Балыкчы шаарында 14 арыз түшкөн, 14 турак үй текшерилди, анын ичинен 2 турак үй I даражада, 2 турак үй II даражада, 1 турак үй III даражада, 9 турак үй IV даражада жабыр тарткан.

Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылында1  арыз түшкөн, 1 турак үй текшерилди, 1 турак үй IV даражада жана 1 социалдык объект I даражада жабыр тарткан.

 Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2833 арыз түшкөн, 2833 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 951 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 1362 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 284 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 163 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан.

Жабыр тарткан турак жай жана социалдык объекттер боюнча келтирилген чыгымдарды иликтөө иштеринин  2-этабы Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү тарабынан 2014-жылдын 22-ноябрынан тартып жүргүзүлүп жатат, ошондой эле кошумча маалымат берилет.

Андан сырткары КРнын ӨКМнин өрт-куткаруу кызматтары боюнча ыкчам маалыматы:

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 23-ноябры саат 08:30дан 24-ноябры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.