пегида1

Германиядагы антиисламчыл ПЕГИДА кыймылы (патриот европалыктар батыштын исламдашуусуна каршы) Австриянын борбор шаарында өзүнүн биринчи жүрүшүн өткөрдү. Венада болгон ПЕГИДАнын акциясына болжол менен 300-400 адам катышты, алар негизинен ультра оңчул уюмдардын өкүлдөрү болуп саналат. Акцияга келген скинхеддердин айрымдары, Би-Би-Си кабарчысы Бетани Беллдин айтымында, колдорун нацисттер сыяктуу көтөрүп учурашып жатышты. Венада катарлаш эле жерде ПЕГИДАнын каршылаштарынын демонстрациясы өтүп жатты, ал жерге беш миңден ашык адам чогулду. Австриянын борборундагы коопсуздукту кармоого 1200 полиция кызматкери тартылды.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА