бекмОсмонов

Бүгүн, 3-февралда Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2 жолку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаты, мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндөмаселе каралды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев мындай демилгени колдоп, 87 депутат кол коюп, сунуштап жаткандыгын маалымдап, Б.Осмоновдун өмүр таржымалына кыскача токтолду. Маалыматка ылайык, уюштуруучулук жана жетекчилик зор талантка ээ Б.Осмоновдун жетекчилиги менен Жалал-Абад, Ош облустарында көптөгөн социалдык-маданий обьектилер курулган. Миңдеген гектер жерлер өздөштүрүлүп, бир катар жумуш орундары түзүлгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты катары мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган  бир катар мыйзамдардын демилгечиси болгон. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңеш депутаттарынын Б.Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө” кайрылуусун колдоого алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алышты.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА