Оштун басымдуу бөлүгүнө газ жетти
Ош шаарындагы элдин басымдуу бөлүгүнө газ жетти. Мындай маалыматты “КыргызГазпром” ишканасынан билдиришти. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн газ түтүктөрү текшерилүүдө. Ал эми жер тамдагылардын дээрлик баары көгүлтүр отту колдонуп баштады. Белгилей кетсек, жазында Өзбекстан Ошко газ берүүнү токтоткон, бирок жыл жаңыраар алдында “Газпром” ишканасы Орусиянын көгүлтүр отун Өзбекстан аркылуу жеткире баштаган. Учурда Ош шаары жана Кара-Суу районунда 55 миң газ колдонуучу бар.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply