охота

Мылтыктарды мыйзамдаштыруу керек. Болбосо административдик чара колдонулаарын Аңчылыкты көзөмөлдөө департаменти эскертет. Белгилей кетсек, учурда союз маалында алган мылтыктарды айрымдар каттоодон өткөрө элек. Жакында эле департаменттин кызматкерлери Нарында мыйзамсыз мылтык колдонгондорду кармады. Тагыраак айтканда, Ат-Башы жана Жумгал райондорунун тургундарынан алты даана сайга мылтык алынып, алар райондук ички иштер башкармалыктарына укуктук баа берүү үчүн өткөрүп берилди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА