авария1

Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 15-ноябрь күнү Кызыл-Кыяда болгон. Анда Дэу Тико жана Хундай Старекс үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу каза тапкан. Ошондой эле биринчи унаанын 11,12,13 жана 17 жаштагы жүргүнчүлөрү жана экинчи унаанын айдоочусу жабыркашып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg