Нарында жылуулук ишканасы алгачкы жолу жылды киреше менен аяктады
Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси өткөн жылда 25 242,0 Гкал.жылуулук өндүрүп, жылуулуктун жоготуусу 13,5 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч мурунку жылга караганда жылуулукту өндүрүү 105,9 пайызга көбөйүп, ал эми жоготуу 4,7 пайызга азайды дегендикти билдирет.
Мындай маалыматтар аталган ишкананын жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда айтылды.
-Биз союз тарагандан бери биринчи жолу жылды киреше менен аяктадык. Эң башкысы ашык чыгымдар кыскартылды. Мисалы, көмүрдү «Турук» кесиминен бир тоннасын 1600 сомдон тартып келдик. Отказандардын заманбап үлгүлөрү коюла баштады,-деп билдирди ишкана жетекчиси Улан Айтиев.
2013-жылда жылуулукка 32,1 миллион сом өндүрүлүп, каражатты чогултуу 85 пайызга аткарылса, өткөн жылда 43,8 млн.сом жыйналып, төлөм чогултуу 98 пайыз болгон.
Нарын шаарынан көп кабатуу 20 үйдү бирдиктүү жылытуу мүмкүн эмес
Нарын шаары боюнча көп кабаттуу 114 үй бар жана анын учурда 81и жылуулук ишканасы тарабынан жылытылат. Калган көп кабаттуу үйлөрдүн он үчүн кайрадан жылуулук ишканасы аркылуу жылытууга болоорлугун Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Улан Айтиев билдирди.
-Биз учурда көп кабаттуу үйдө жашаган 1565 кардарларды тейлейбиз. Эми союз тарагандан кийин жылуулук албай калган көп кабаттуу үйлөрдөн 13 үйдү бирдиктүү жылытуу системасына кошолу деп жатабыз. Эгер 30 миллион сомдук каражат табылса, алардын баарын быйылкы эле жылы, мынча акча табылбаса, анда быйыл 8 үйгө жылылуук берели деп жатабыз,-дейт У.Айтиев мырза.
14-январь күнү Нарын шаарында болгон жолугушуу жыйын маалында болсо КРнын Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы Нарын шаарынын 13 көп кабаттуу үйү жылуулук ишкана аркылуу жылытууга толук өткөрүлөрүн билдирген.
Нарында жылуулукка акча төлөбөгөндөр атка минерлер
Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Улан Айтиев Нарындын чыкылдаган суугунда үйлөрүндө жылуу жумшак жашаган жарандардын арасынан пенсионерлер ай сайын төлөм акы жүргүзүп турушаарын, пайдаланган жылуулук үчүн чиновниктердин төлөө маданиятынын төмөндүгүн белгиледи.
-2015-жылдын 1-январына карата ишкананын аласа акчасы 26,7 миллион сомду түздү. Мындан республикалык бюджет 4,5, жергиликтүү бюджет 9,4 миллион сом бересе болсо, калктыкы 11,2 миллион сом. Чынында пенсионерлер, карапайым калк төлөп турушат. Бирок дагы деле чиновниктер төлөшпөйт. Айрымдары ачык коркутууга барышат,-деген У.Айтиев мырза айрым атка минерлерди сынга алды.
Маселен, Ат-Башы районунун акими Ж.Субакожоев Нарын шаарындагы Кулумбаев көчөсү 41/17 квартирасы үчүн 43 492, ал эми С.Оразбак уулу көчөсү 21/7 үйү үчүн 8789 сом (жалпысы 52281 сом), салык кызматкерлер У.Жунушова 19 006, Байгашкаев 9 518, билим берүү борбордун жетекчиси К.Мамытов 16 363, электр тармак кызматкери Ч.Ырысбаева 27 256 сом карыз.
-Мен бул маселе боюнча сүйлөшкөм. Анда аким Жакып Мойдунович менин карызым 7 миң сом болчу, төлөгөм. Ал эми бул карыздар мурунку үй ээсиники деп айткан. Эми биз да жардам берип маалымдоо каражаттар менен үйлөрдү кыдыралы,-деп жооп кайтарды Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев.
Бирок бул пикирге ишкананын кызматкерлери макул болушкан жок.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply