ыргал Кад1

Бул тууралуу пикирин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-январдагы отурумунда депутатат Ыргал Кадыралиева балдарга болгон зордук-зомбулук маселеси боюнча Өкмөттүн аткарып жаткан иштерин талкуулоо учурунда билдирди. Акыркы жылдары наристелерге зордук-зомбулукту алдын алып, балдарга болгон аяр мамилени, кол тийбестикти сактайлы деген депутат балдарга карата физикалык, психологиялык жана сексуалдык кордук көрсөтүү көбөйгөндүгүнө тынчсыздануусун билдирди.

Комитет жыйынында 2014-жылы балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүлгөн 10 факт катталганы маалым болду. Депутаттар буга чейин катталган фактылардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар коомчулукка белгисиз бойдон калгандыгын айтып, мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттеринин зарылдыгын белгилешти.

Талкууда Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов өлкө аймактарында балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, азыркы кезде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Нарын областтарында балдар менен иштөө боюнча кошумча штаттык орундар түзүлгөн.

Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов 2 жашар бала эч жерде каттоого алынбагандыгын, туулгандыгы туралуу күбөлүгү да жок экендигин айтты. Ошондой эле үй-бүлө толук камсыз болгондугуна байланыштуу, мамлекеттен жардам алууга муктаж болбогондугун билдирди. Балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алып күрөшүүдө “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, Өкмөткө жолдонгондугун кошумчалады.

Талкууда комитет төрагасы Эркин Сакебаев  Өкмөт тарабынан балдардын укуктарын коргоого жана зордук-зомбулукту алдын алууга мыйзамдарды тез арада Жогорку Кеңешке киргизүү зарылдыгын белгилеп, кабыл алынган мыйзамдар менен программалардын көпчүлүгү каржылоонун жоктугунан иштебей жаткандыгын эске салды.

Өткөн жылы Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасына сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүм кайрылган.  Мындай факты менен 2013-жылы 6, өткөн жылы 7 бала катталгандыгын мекеменин башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди. “Сексуалдык зомбулукка кабылган фактыларды дароо эле укук коргоо органдарына кабарлайбыз”,- дейт башкы дарыгер.

Жыйын соңунда депутат Ыргал Кадыралиева балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү болгон учурда өлүм жазасына мораторийди жокко чыгаруу боюнча ченемди кайрадан карап чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында аталган маселе комитет мүчөлөрү менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.