дамира Нияз

2-февралдан бери КРнын вице премьер министри Дамира Ниязалиева айым Нарын шаарында болууда. Ал бул күнү кечки саат 19-30дан тарта бир сааттан ашыгыраак убакыт жергиликтүү Нарын телеканалы аркылуу жарандардын суроо-талаптарына жооп кайтарды.

-Мага берилген суроолордун көбү эле жергиликтүү бийликтер тарабынан аткарыла турган маселелр экен. Сиздер биринчи айыл өкмөтткө, акимдерге кайрылгыла. Алар аткарышы керек. Болбосо алар эмнеге иштеп жатышат,-деп таң берди Өкмөт төрагасынын орун басары.

Ал эми бүгүн 3-февралда Д.Ниязалиева Нарын шаарындагы бир катар социалдык мекеме-уюмдарды кыдырып, жеринен маалымат алууда жана күндүн экинчи жарымында облустук алкакта өткөрүлө турган жыл жыйынтыгына арналган тутумдук жыйынга катышмакчы.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу