кат

          Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургуну 73 жаштагы карыя Күлүйпа Баймурзаева акыйкат издеп Нарын шаарына келгендиги белгилүү болду. А киши эки маселе боюнча КРнын Акыйкатчысына арыз менен кайрылгандыгын Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдоодо.

-Менин келиним Рухшона Джобирова 2014-жылдын август айында эркек бала төрөгөн. Уул, келиним аз камсыз болгон үй-бүлөгө киргендиктен улам төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки декреттик отпуска эмгегин алган. Быйыл болсо балдарына жөлөк пулду чектебей коюшту. Анткени балам аз убакыттан бери эле кароолчу болуп иштеп жаткан,-деген арыз ээси өкүлчүлүккө Нарын шаарындагы төрөт бөлүмдөгү ошол учурдагы абалга нааразычылыгын да келтирген.

Өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери арызды териштирүүгө ала тургандыктарын билдиришүүдө.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу