Нарында мектептердин 72 пайызы окуучуларга ысык тамак беришет
2013-жылда облуста 78 мектептерде кенже курактагы окуучулар үчүн 10 сомго бир маал каша же сорпо берилип келсе, 2014-жылда алардын саны 100гө жеткендигин өкүлдүн орун басары Чынара Абдырайымакунова билдирет.
-Бул мектептердин жыйырма экиси БУУнун азык-түлүк, он тогузу МерсиКо долбоорлору аркылуу окуучуларга ысык тамак берип жатышса, 59 мектеп эч кандай долбоорлорго кирбестен өздөрүнүн аракеттери аркылуу ысык тамак беришүүдө. Учурда Ак-Талаа жана Кочкор райондорунун бардык мектептеринде бул саамалыкты ишке ашыруу жетишилди,-дейт Ч.Абдырайымакунова.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу
Leave a Reply