метеорология1

Нарын суу метеорологиялык борбордон алынган маалымат боюнча 10-февраль күнү Нарын шаарында абанын температурасынын төмөнкү көрсөткүчү -4,8 даража суукту түзгөн. Бул көрсөткүч февраль айынын алгачкы 10 күндүгүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч дегендикти билдирет.

-Февраль айынын алгачкы декасында абанын орточо көрсөткүчү 14,1 даража суук болду. Сууктун эң жогорку даражасы -25,5 болгон экен. Ал эми өткөн январь айы боюнча сууктун күчү орточо 14,5 даражада болсо, эң төмөнкүсү -2,5, эң жогоркусу -26,5 болуптур,-деп билдирди борбордун метеорологу Нарынкүл Карамолдоева.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу