мигр1

Нарын облусунун аймагында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана колдонуу менен 5 ишкана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Аларда иштөөгө чет мамлекеттерден 730 эмгек мигрантка квота берилген. Бирок 2014-жылда 474 жаран гана иштешкен жана иш аракеттерин улантууда. Бул жарандар негизинен жол курулуш, тоо кен казуу тармактарында күч эмгектерин жумшашат.

Мындай маалыматтар облустук өкүлчүлүктөн алынды.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы КРнын «Миграция жөнүндөгү мыйзамынын» так аткаруусун көзөмөлгө алууларынан улам 2014-жылда облус аймагынан мыйзамды бузган 136 чет мамлекет жарандарына 136 000 сом жана КРнын бир жаранына чет элдик адамды мыйзамсыз жумушка алгандыгы үчүн 1000 сом айып салгандыктарын билдирген эле.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу