парламент

Жогорку Кеңеш 2015-жылдын май айында Бишкек шаарында «Пекин»+20» конференциясынын чечимдерине ылайык гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу» эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрдү. Эл аралык иш-чарага дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн парламентчилер менен эксперттер чакырылат.

Конференциянын максаты Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламент менен өкмөттүн ролун арттыруу болуп саналат.

Конференция Пекин шаарында өткөн Аялдардын абалы боюнча түртүнчү дүйнөлүк конференциясынын 20 жылдыгына арналууда. Анын негизги милдеттеринин бири парламенттин, өкмөттүн жана жарандык коомдун иш-аракеттерин Пекин декларациясы менен Аракет планформасын ишке ашырууга багыттоо болуп эсептелет. Андан сырткары, мындай иш-чараларды өткөрүү Кыргызстанда гендердик теңчиликти өркүндөтүү боюнча тутумдаш чаралардын иштелип чыгуусуна түрткү берет.

Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти камсыздоодо негизги мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамда мамлекеттик органдарды түзүүдө аялдарга квота берүү боюнча талаптарды аткаруу жаатында берилген ыйгарым укуктардын алкагында Жогорку Кеңештин милдеттери тууралуу маанилүү ченемдер бекитилген.

Иш-чара Европада кызматташтыкты жана коопсуздукту камсыздоо уюмунун (ЕККУ), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID), Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID), “Диалог Евразия” платформасынын жана Улуттук демкротиялык институттун (NDI) колдоосу астында өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.