Нарын шаарында эмгектенген дарыгерлердин 5,1 пайызы гана 35 жашка чейинкилер
Быйылкы жылдын башына карата Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда (НОҮМБ) 39 дарыгер, 105 орто медициналык эмчи айымдар эмгектенишүүдө. Эмчи айымдардын камсыздалышы 100 пайызды түзсө, дарыгерлердин өксүктүгү 38,5 пайыз же болбосо 24 дарыгер жетишпейт.
Мындай маалыматтарды НОҮМБнын директорунун орун басары Нургүл Өмүрканова билдирди.
-2014-жылы бизге 4 дарыгер келсе, бир врач кеткен. Учурда шаар боюнча «Врачтын депозити» программасы менен 5 дарыгер иштеп жатат. Ал эми иштеп жаткан врачтардын 61,5 пайызын 55-60 жаштан жогоркулар түзөт. 35 жашка чейинки дарыгерлер болгону 5,1 пайыз,-дейт Н.Өмүрканова айым. Ардагер врач Асыл Арпачиеванын баамында дарыгерлердин өксүктүгүнө бир катар жагдайлар себеп болууда.
-Нарын шаарында гана пилоттук делген саясат менен ҮМБдердин врачтарына бардык ооруларды кароо жүктөлгөн. Демек биз универсалбыз. Экинчиден тескөөчүлүк (участкалык) иш кылганга мурункудай 30 пайыздык үстөк акча берилбей калган. Анан кыш оор, шарт кыйын болгондуктан жаштар кантип келсин,-дейт ардагер дарыгер. Ал эми «Врачтын депозити» программасы менен жаңыдан иштеп жаткан жаш невролог кырдаалга бир аз башкача мүнөздө баа берет.
-Менин Нарынга келип иштегениме 5 гана ай болду. Көрсө Нарында биринчиден, медициналык жабдыктар тартыш экен. Экинчиси, шарт кыйын болууда. Мисалы мага квартира үчүн 16 миң сом гана берилди. Эми өз чөнтөгүмөн төлөп жашай баштадым. Үчүнчүсү, бул жакка кафедра ачуу зарыл экен. Ошондо 2 жыл ординатурадан окуганга мүмкүнчүлүк болмок,-деген пикирин айтат жаш дарыгер Жазгүл Абдраимова.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Leave a Reply