Депутат И.Карамушкина “Согуштук альбом: муундар аркылуу кайрылуу” фото көргөзмөсүн өткөрүүнү демилгелөөдө
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо иш-чаралар планынын алкагында Кыргыз ССРинин биринчи чакырылыштагы Жогорку Советинин депутаттары – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жөнүндө “Согуштук альбом: муундар аркылуу кайрылуу” фото көргөзмөсүн өткөрүү демилгеси менен чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
2014-жылдын ноябрында Кыргыз ССРинин 1-чакырылыштагы Жогорку Советинин (1938-жыл) депутаттары – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын балдарынын, депутат Ирина Карамушкинанын, Кыргызстандагы Орус кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александр Зеличенконун катышуусунда Бишкек-Москва-Ош телекөпүрөсү өткөрүлгөн.
“Фашизм менен болгон согушта эл өкүлдөрүнүн бүгүнкү күнгө чейин изилденбеген эрдиги менен каармандыгынын табылган далилдери Улуу жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата даярдыктардын жүрүшүндө пайдаланылып калышы мүмкүн. Айрым депутаттардын турмуштук үлгүсү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”,- дейт депутат И.Карамушкина.
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз ССРинин биринчи чакырылышындагы парламентинин 45 депутаты Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы белгилүү болгон. 18 эл өкүлү фашисттер менен болгон салгылашта курман болгон. 10у дайыны жок болуп, болгону 17си жеңиш менен кайтып келген.
“Иштин жүрүшүндө айрым депутаттардын согуштук ишмердүүлүгүндө туугандары менен байланыш болгондугу, алардын өздүгү жана ишмердүүлүгү боюнча документалдык булактар табылгандыгы, документтердин сакталган орду аныкталгандыгы белгилүү болду. Депутаттык корпустун согуштук сапарын аныктоо боюнча иштер тарых илимдеринин кандидаты, публицист Леонид Сумароков улантууда”,- деп маалымдайт И.Карамушкина.


Leave a Reply