КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жол кырсыгы болду

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагында 2014-жылдын 11-ноябрынан 12-ноябрына караган түнү Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 80-чакырымында мамлекеттик № ОШ 73-69 И “УАЗ-469” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай, ташты сүзүп, Тар дарыясына түшүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча унаада жалпы 9 жүргүнчү болгон, 7 адам жабыркаган, бирок абалдары жакшы. 2 адам дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерин жүргүзүүгө 2014-жылдын 12-ноябры күнү саат 07:25те  КР ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы, КРнын ӨКМнин Кара-Кулжа райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, 2 куткаруучу, 1 фельдщер жана райондук ИИМ кызматкери чыгып кетишти. Иликтөө иштери жүрүп жатат